ГҮЛЧӨ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:51, 22 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГҮЛЧӨ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ – дарылык касиети бар жылуу суу булагы. Ош обл-ндагы Гүлчө кыш-нан 7 км батыш тарапта. Алай кырка тоосунун түн.-чыгыш капталындагы Жылуу-Суу өрөөнүндө, деӊиз деӊг. 1570 м бийиктикте жайгашкан. Жерг. элге илгертен белгилүү. Суу карбон мезгилинин акиташ ж-а сланец тоо тек катмарларынан булак түрүндө агып чыгат. Чыгымы 0,5 л/сек. Суусу тунук, түссүз, даамсыз, саал күкүрттүү суутек жыттанат. Аз минералдашкан (1,8 г/л). Курамы гидрокарбонат-сульфат-кальций-магнийлүү. Темп-расы 30°С. Суудагы биол. активдүү компоненттер: эркин түрүндөгү СО2 (60 мг/л), кремний к-тасы (26,6 мг/л) ж-а арадон (0,53 эман). Муун, нерв, ашказан, тери ж. б. ооруларга шыпаа болот.