ГҮЛЗАР
ГҮЛЗАР – гүлдүү, шиберлүү жер аянтчасы. Мында өсүмдүктүн биологиялык өзгөчөлүгү, кооздугу эске алынат. Шиберлүү гүлзарга көбүнчө тулаӊ, көдөө, тарак баш сыяктуу чөптөр эгилип, жайкалта кыркылып турулат. Гүлдүү гүлзарда бир ж-а көп жылдык гүлдүү өсүмдүктөр (байчечекей, жоогазын, атыр гүл ж. б.) өстүрүлөт. Бак, парк, жол жээгин, имарат алдын көркөмдөөдө колдонулат.


