БАКАЙ-АТА
БАКАЙ-АТА (1992-жылга чейин Ленинполь) - Талас облусундагы кыштак. Бакай-Ата районунун жана аты окшош айыл өкмөтүнүн борбору. Талас - Тараз (Казакстан) автомобиль жолунан 8 км түштүктө жайгашкан. Облустун борбору Талас шаарынан 32 км түштүк-батыш тарапта. Жамбыл темир жол бекетинен (Казакстан) 90 км. Кыштак 1882-жылы жанаша жайгашкан Гнеденфельд, Гнаденталь, Кененненталь жана Николайполь айылдарынын кошулушунан пайда болгон. Деңиз деңгээлинен 1149 м бийиктикте. Калкы 7215 (2002); негизинен мал-чарбасында жана дыйканчылыкта эмгектенет. Үч орто мектеп, 2 бала бакча, оорукана, дарыкана, маданият үйү, балдардын психоневрологиялык жатак музыкалык мектеп-интернаты, чакан дүкөндөр, кафе-барлар бар. Кыштакка жакын жерден акиташ кени чыгат.
Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Бакай-Атанын пландалган түзүлүшүнө немистик шаар куруу мүнөздүү; көчөлөрү түптүз, чатырлары тик. Кыштакта Советтер Союзунун Баатыры К. Г. Роденко туулган.