БАЛЕТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛЕТ (фр. Ьаііеі, итал. Ьаііеііө) - ыргактуу кыймыл-аракет ж-а бий каражаттары аркылуу айтылуучу ойду, чыгарманын мазмунун угуу­чу-көрүүчүлөргө жеткире алган сахна өнөрү.

Кыргыз ССР эл арт. Р. Чокоева «Аккуу көлү» балетинде Одилиянын партия­сын аткарууда.

Жалпы драматур­гиялык пландын (сценарийдин) не­гизинде Б. музы­каны, хореогра­фияны (бий, пан­томима), сүрөт өнөрүн (декора­ция, костюмдар, жарык берүү ж. б.) өзүнө камтыйт.

Азыркы европ. Б. Кайра жаралуу доорунда пайда болгон. Туңгуч Б. спектакли Ита­лияда 15-16-к-да, Францияда 16-к­дын 2-жарымында (Б. Бальтазаринин «Короле­ванын комедия балети», 1581) жаралган. 18-к­да Англияда, Австрияда, кийинчерээк Францияда өзалдынча сахна өнөрү катары толук калып­танган ж-а таанылган. Россияда 1730-жылдан сахнада Б. оюндары үзгүлтүксүз коюла баштайт. Франция м-н Россиядагы Б. өнөрүнүн табылга­лары романтикалуу Б-тин жаралышын шарт­тайт. Бара-бара бийдин жаңы түрлөрү, аялдар­дын аяк учу м-н бийлеши пайда болот. Ушул багыттагы балеттик спектаклдердин бири – Адан-

К. Молдобасановдун «Саманчы жолу» балет-орато­риясынан көрүнүш.

дын «Жизель» балети (1841). Б. 19-20-к-да ал­дыңкы өлкөлөрдө улуттук мад-ттын өнүккөн түрүнө айланат. Композитор-симфониячылар­дын Б. өнөрүнө кайрылуусу маанилүү көрүнүш болгон, мис., П. И. Чайковскийдин «Уйкудагы сулуу» (1890), «Щелкунчик» (1892; Л. Иванов м-н бирге), А. Глазуновдун «Раймонда» (1898) Б-теринде музыкадагы ойлор м-н сезимдер бий аркылуу туюнтулган. Б. Асафьевдин («Париж жалыны», «Бахчисарай фонтаны»), Р. М. Глиэр­дин («Кызыл гүл»), А. И. Хачатуряндын («Гаянэ», «Спартак»), С. С. Прокофьевдин («Ромео жана Жульетта»), А. Крейндин («Лауренсия»), К. Караевдин («Жети сулуу») чыгармалары Б. өнөрүн өнүктүрүүгө чоң салым кошту. Кырг­нда Б. өнөрү классикалык бийди өздөштүрүүнүн, эл турмушун ж-а үрп-адатын үйрөнүүнүн неги­зинде келип чыккан. Кыргыздын туңгуч бийле­ри 1937-ж. «Алтын кыз» муз. драмасында ж-а «Айчүрөк» операсында (1939; балетмейстер Н. С. Холфин) колдонулган. «Анар» балети (1940) - кыргыздын улуттук Б. өнөрүнүн саама­лыгы. Кыргыз Б-нин өсүшүнө бийчилер Б. Бей­шеналиева, Р. Чокоева, Ч. Базарбаев, А. То­комбаева ж. б. зор салым кошкон. Бий муга­лимдерин ж-а балетмейстерлерди Москвадагы А. Луначарский атн. мамл. театр ин-ту, Ле­нинграддагы Н. Римский-Корсаков атн. консерватория, Кырг-нда Ч. Базарбаев атн. Бишкек хореогр. окуу жайы даярдайт.
Ад.: Слонимский Ю. И. Советский балет. М.; Л., 1950; Львов Н. Киргизский театр. М., 1953; Бруд­ншй Дм. Киргизский балетный театр. Ф., 1968; Бибисара Бейшеналиева. Ф., 1974; Р. Уразгильдеев. Киргизский балет. Ф., 1983. Р. Уразгильдеев.