БАКИН Евгений Иванович
БАКИН Евгений Иванович (1910-ж. т.) - физиолог, медицина илимдеринин доктору (1949), профессор (1951). Кыргыз ССРинин илимге эмгек сиңирген ишмери (1961). 1927-ж. Саратов университетинин медицина факультетин бүтүргөн. 1927-31-ж. Жумгал районундагы оорукананын башкы врачы, Ленинграддагы 1-медициналык институттун Нормалдуу физиология кафедрасынын аспиранты (1931-34), ошол эле жердеги Борбордук рентген-радиология институтунун илимий, улук илимий кызматкери (1934-53). КММИнин нормалдуу физиология кафедрасынын башчысы (195374). Саламаттык сактоонун отличниги (1950). «Ардак Белгиси» ордени м-н сыйланган.
Эмг.: Структура функции живой системы. Ф.,1971.