БАКИНОВА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАКИНОВА Гүлжамал (12. 3. 1917, Нарын обл., Жумгал р-ну, Чаек айылы - 21. 6. 2001, Бишкек) - тилчи, алгачкы диалектолог, филология илимд. кандидаты (1954).Мугалимдик кыз­матта жүрүп, Фрунзедеги жумушчу ф-тин (РАБФАК), кийин пед. окуу жайын (1939), Кыргыз мамл. пед. ин-тун бүтүргөн (1942-44). Пржеваль­скидеги Киров атн. орто мектепте мугалим (194142), СССР ИАнын Кырг-ндагы филиалынын (КирФАН) Тил, адабият ж-а тарых ин-тунда улук ил. кызматкер (1949), 1956-жылдан сектор башчы. Өзбекстан, Казакстан, Тажикстанда жашаган кыргыздардын тилинин жерг. өзгө­чөлүктөрүн изилдеп, бай материал топтогон. 2- класс үчүн окуу китеби (авторлош), «Эне тили» окуу китеби жарык көргөн (1950). Белгилүү эм­гектери: «Кыргыз тилинин Октябрь районунун говору» (1952), «Ысыккөл говорлорунун матери­алдарынан» (1955), «Кыргыз тилинин Ош говору» (1956), «Кыргыз тилинин Жалал-Абад обла­стынын говорлору» (1958), «Кыргыз тилинин Чүй говору» (1959), «Өзбекстандагы кыргыздардын ти­линдеги жергиликтүү өзгөчөлүктөр» (1962), «Диа­лектологиялык материалдарды жыйноо боюнча справочник» (1963). Б. «Кыргыз тилинин диа­лектологиялык атласын» түзгөн.