БАКТЕРИОЛОГИЯ
БАКТЕРИОЛОГИЯ (бактериялар ж-а ...логия) - микробиологиянын бактерияларды изилдөөчү бөлүмү. Ал өзүнчө бир катар тармактардан турат. Ж а л п ы б а к т е р и о л о г и я бактериялардын морфологиясын, физиологиясын, биохимиясын, өзгөргүчтүгүн, тукум куугучтугун, жаратылышта таралышын, ар кандай азык чөйрөдө өсүшүн, ошондой эле айлана-чөйрө факторлорунун аларга тийгизген таасирин ж. б. изилдейт. М е д и ц и н а ж-а в е т е р и н а р и я бактериологиясы патогендүү оору козгоочу бактериялардын биологиясын, касиетин, ошондой эле иммунитет, диагностика маселелерин изилдеп, киши ж-а жаныбардын жугуштуу ооруларын дарылоо, алдын алуу үчүн атайын заттарды иштеп чыгат. А й ы л ч а р б а б а к т е р и о л о г и я с ы кыртышты жакшыртууга ж-а түшүмдүүлүктү жогорулатууга, тоют даярдоого (силостоо, ачытуу, нымдоо ж. б.) катышуучу бактерияларды изилдейт. Т е х н и к а л ы к ба к т е и о л о г и я спирт, органикалык ж-а амин кислотаталарын, фермент, антибиотик чыгарууда мааниси чоң.