БАКТЕРИЯЛЫК КУРАЛ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАКТЕРИЯЛЫК КУРАЛ , б и о л о г и я л ы к к у р а л - адамдарды, жаныбарларды ж-а өсүмдүктөрдү массалык түрдө дартка чалдык­тыруу же өлтүрүү максатында микроорганизм­дердин оору козгоочу касиетине негизделген биол. каражат. Б. к-дын негизги жабыркатуу­чулары - бактерия, вирус, рикетсия, козугарын­дар ж-а алардын ти­ричилигинен пайда болгон уулар - ток­синдер. Алар согуш­тук максатта колдо­нулуп, курт-кумурс­ка, кемирүүчү, кене ж. б-дын, жардамы м-н, о. эле суспензия, күкүм түрүндө тара­тылат. Бактериялык каражаттарды тара­тууда атайын ракета, артиллериялык снаряд, авиац. бомба ж. б. да пайдаланы­лат. Аз күч ж-а каражат жумшап, өтө чоң аянтты жабыркатуу­га болот. Ал орга­низмге өтө аз өл­чөмдө киргенде эле жабыркатат (оору­тат). Айрым оору коз­гогучтардан пайда болгон жугуштуу оорулар, белгилүү шартта оорунун бир очогунан башка жер­ге тарап, көптөгөн адамга жугат (эпидемия). 1925-ж. Женева протоколу ж-а 1972-ж. БУУ конвен­циясы м-н Б. к-ды колдонууга тыюу салынган. Б.к-ды колдонуу адамзатка каршы эң чоң кылмыш болуп эсеп­телет. Ал жалпы кабыл алынган эларалык укукту орой бузгандыкка жатат. Б.к-ды колдонуу коркунучу аскерлерди ж-а элди коргоо б-ча натыйжалуу чараларды даярдоону талап кылат. Аларга эпидемияга каршы санитария-гигиеналык ж-а дарылоо чаралары элди ж-а армияны инфекциядан сактануу чаралары м-н тааныш­тыруу (эмдөө, шашылыш алдыналуу, маска та­гынуу), элди атайын жабдылган жабык жер­лер м-н камсыздоо, тамак-ашты, сууну, өсүмдүк ж-а жаныбарларды коргоо кирет.