БАКТРИЯ
БАКТРИЯ , Б а к т р и а н а - Амударыянын ортоңку ж-а жогорку агымындагы байыркы тарыхый аймак. Азыркы Өзбекстан м-н Тажикстандын түш. ж-а Афганстандын түн. обл-тарын камтыган. Б-нын түндүгү Согд аймагы, түштүгү ж-а түш. -чыгышы Арахосия ж-а Гандхара, батышы Маргиана м-н чектешкен. Б. - О. Азиядагы дыйканчылык мад-тынын ж-а мамлекеттүүлүк келип чыккан цивилизациянын байыркы борборунун бири. Бактра анын негизги шаары болгон. Б. з. ч. 6-4-к-да Б. Ахемениддер державасынын, андан соң Александр Македонскийдин империясынын курамына кирген. Анын империясы кыйраган соң Б-нын аймагында Грек — Бактрия падышалыгы түзүлгөн. Кийинчерээк Б. ж-а Согд аймагында тохар уруулары тарабынан негизделген Кушан падышалыгы түптөлгөн. Тохарлардын атынан бул аймак кийин Тохарстан аталып калган. Б. - Азиядагы байыркы көркөм мад-ттын өнүккөн борборунун бири. Мындан жерг. ж-а алынып келинген көркөм буюмдардан турган Амударыя казынасы (б. з. ч. 4-2-к) табылган.