БАКУ
БАКУ , Б а к ы - Азербайжан Республикасынын борбор шаары. Апшерон жарым аралынын түштүк -батышында, Каспий деңизинин батыш жээгинде жайгашкан. Калкы 2,3 млн (2021). Ири транспорт түйүнү. Тоңбогон порт.

Паром аркылуу Түркмөнбашы, Бекдаш (Түркмөнстан), Актау (Казакстан) шаарлары м-н байланышат. Эл аралык аэропорту бар. 1967-жылдан метрополитен иштейт.
Баку шаары жөнүндө 5-кылымдагы жазмаларда, ошондой эле 9-10-кылымдардагы географтардын (аль-Истахри, аль-Масуди ж.б.) эмгектеринде айтылып, мында нефть алынары белгиленет. 12-15-кылымдарда Бакунун нефтиси Чыгыш өлкөлөрүнө чыгарыла баштаган. 12-кылымдын 2-жарымында Баку аз убакытка Ширван падышалыгынын борбору болуп турган. Бакуну 1540-жылы Сефевилер, 16-кылымдын 80-жылдарында түрктөр, 1723-жылы орус аскерлери караткан. 1735-жылы ал Иранга кайтарылган. 1747-жылдан Баку хандыгынын борбору болуп калган. 1804-13-жылдарда орус - иран согушунун жүрүшүндө Баку Россияга кошулган (1806). 1917-жылы 31-октябрда (13-ноябрь) Бакуда Совет бийлиги жарыяланган. 1918-жылы 31- июлда ички ж-а тышкы контрреволюциячыл күчтөрдүн аракети м-н Совет бийлиги кулатылат. 1920-жылы 28-апрелде Азербайжан ССРинин түзүлгөндүгү жарыяланып, Баку анын борборуна айланган. 1991-жылдан Азербайжан Республикасынын борбору.
Баку бухтасынын жээктеринде ширваншах капкасынын калдыктары (1235), шаардын байыркы бөлүгүндө Ичери-шехер чеби (12-к.), чептин ички аймагында Мухаммед мечити ж-а Сынык-Кала минарети (1078-79), Кыз-Кала мунарасы (12-кылымда кайрадан курулган), Ширваншах сарайлар ансамбли (15-кылым), Жума мечити (14-кылым), Диван-хан, Шемахин дарбазасы, Хажи-хаммали мончосу ж. б. сакталган. Чептен сырткары кербен-сарайлар, овдан (жер астындагы суу сактагыч), турак үйлөр ж. б. курулган. 1810-жылдан чепти айланта курулуштар башталган. 19- 20-кылымдарда эллектизм ж-а модерн стилиндеги курулуштар ургаалдуу өнүккөн. 1920-30-жылдарда шаардын эски райондору жаңыланып, бир топ аянт ж-а парктар пайда болгон. Шаардын азыркы көрүнүшүнө архитектор О. Дадашев м-н М. Усейновдордун салымы чоң. С. Низами атындагы кинотеатр, Азербайжан политех. ин-ту (1993-жылдан ун-т), Өкмөт үйү (1952), респ. стадион (1952), аэровокзал (1964), мейманканалар («Интурист», «Азербайжан», 1969; «Москва», 1978), «Гүлстан» кубаныч сарайы (1980), метрополитен иштейт. «Бакунун 26 комиссарын атып өлтүрүү» горельефи (1924-46, 1958-ж.) орнотулган.
Б. - өлкөнүн ил., маданий борбору. Азербайжан УИА (1945), 90дон ашык ил. мекемелер, (315 жалпы билим берүүчү мектеп, 36 ЖОЖ (филиалдары м-н; а. и. 17си мамл.), Баку (1919), Азербайжан пед. (1921), Азербайжан мед. (1930) ун-ттери, Азербайжан нефть (1920-жылдан), денетарбия ж-а спорт, авиация (1992), мамл. башкаруу (1999) академиялары, консерватория (1921, 1991-жылдан У. Гажибеков атн. Муз. академия), жогорку аскер окуу жайы ж. б. бар. М. Ф. Ахундов атн. (1923), академиялык (1925) китепканалар, улуттук драма (1920-жылдан), орус драма (1923), М. Ф. Ахундов атн. опера ж-а балет (1920), Ш. Курбанов атн. муз. комедия (1938), куурчак (1931), «Йуг» (1993), «Пантомима» (2000) ж. б. театрлар, 26 музей (а. и. Азербайжандын көзкаранды эместиги, Р. Мустафаев атн. иск-во, Низами атн. Азербайжан ад-ты, Л. Керимов атн. Азербайжан килеми ж-а элдик жасалга-колдонмо иск-во, Азербайжандын муз. мад-ты) иштейт. О. эле П. БюльБюль оглы, М. Магомаев, У. Гажибеков, С. Вургундун үй-музейлери, сүрөт гал., филармония (анын курамында У. Гажибеков атн. симфониялык, камералык, улуттук аспаптар, мамл. эстрада оркестрлери, хор капелласы иштейт), киностудия («Азербайжанфильм», 1923), цирк, балдардын белгилүү шахмат мектеби (Г. Каспаров, Т. Ражабов ж. б. окуган) ж. б. бар.
Б. - Азербайжандын ири өнөржай (респ-нын өнөржай өндүрүшүнүн 60%тен ашыгын, чыгарылган продукциянын 60%тен ашыгын берет) борбору. Нефть, газ, нефть ажыратуу, нефтьхим. (шина, тиричилик химиясы), кара ж-а түстүү металлургия (болот, куюу, болот арматура
өндүрүшү з-ду), машина куруу (а. и. нефть өнөржайына керектүү жабдуулар), радиоэлектроника, жеңил (буткийим, пахта ф-касы), электртех., тамак-аш (шампан, шарап, эт комбинаттары) өнөржайлары бар.
Ад.: Ашурбейли С. Б. Очерк истории средневекового Баку (VIII - начало XIX вв.). Баку, 1964; Бретаницкий Л. С. Баку. 2-е изд. Л.; М., 1970.
Р. Карачалова, А. Орозов.