БАКИЕВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:57, 10 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАКИЕВ Курманбек Салиевич [1. 8. 1949-жылы туулган., Жалал-Абад облусу, Сузак району, Масадан (азыркы Тейит) айылы] - мамлекеттик ишмер; Кыргыз Республикасынын Президенти (2005 - 2010).

КРдин өнөржайга эмг. си­ңирген кызматкери. 1978-ж. Куйбышев политехника ин­тун бүтүргөн. Эмгек жолун 1972-74-ж. РФтин Куйбы­шев (азыркы Самара) ш-нда­гы Куйбышев балык з-дун­да жумушчу болуп иштөө­дөн баштаган. 1974-76-ж. Сов. Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1976-79-ж. Куйбышев ш-ндагы Маслен­ников атн. з-ддо электр-механик, инженер-электрик, 1979-83-ж. Жалалабат ш-ндагы штепсел­дик ажыраткычтар з-дунун информатикалык­эсептөө борборунда инженер-математик, начальник, 1985-90-ж. Көкжаңгак ш-ндагы «Профиль» з-дунун директору, 1990-91-ж. Кырг-н КП Көкжаңгак шааркомунун 1-секретары, шаардык кеңештин төрагасы, 1991-92-ж. Эл депутатта­рынын Жалалабат обл. кеңешинин төрагасы­нын орунбасары, 1992-94-ж. Тогузторо р-ндук мамл. администрация башчысы - акими, 1994- 95-ж. КРдин Мамлекеттик мүлк фондусунун тө­рагасынын орунбасары, 1995-97-ж. Жалалабат обл. мамл. админ. башчысынын биринчи орунбасары, губернатору. 1997-2000-ж. Чүй обл. мамл. администрация башчысы - губернатору, 2000-02-ж. КРдин Премьер-министри. 2002- 05-ж. КР Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыга­руу жыйынынын депутаты. 2004-жылдан мур­дагы бийликтин саясатына каршы күрөшкөн оп­позициячыл «Кыргызстан элдик кыймылы» саясий күчтөр бирикмесинин Борб. кеңешинин төрагасы. 2005-жылдын мартынан КРдин Премьер-министри, КРдин Президентинин милде­тин аткаруучу. 2005-жылдын 10-июлунда өткө-

Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Ху Цзиньтао, Кыргыз Республикасынын Президенти К. С. Бакиев.
Россия Федерациясынын Президенти В. В. Путин, Кыргыз Республикасынын Президенти К. С. Бакиев.

рүлгөн президенттик жалпы элдик шайлоодо Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланган. Б. мамл. деңгээлдеги коомдук ишмер катары өткөн кылымдын 90-жылдарында тааныла баштаган. Залкар держава - Советтер Союзунун «өзүнөн-өзү» кыйрап (1990), анын ку­рамындагы Союздук респ-дын ар бири өз бет алдынча мамлекет болуп бөлүнүп кеткен доор­дон (глобалдык окуядан) баштап, ал Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгү үчүн болгон тагдыр чечүүчү күрөшкө активдүү катышкан ж-а ушундай жөнөкөй эмес максаттардын ишке ашырылышына өзүнүн омоктуу салымын кошкой. Ошол тарыхый өткөөл мезгилде өзү өтөп келген кызматтарынын (аким, губернатор, премьер-министр, ЖКнын депутаты) практикасы­нан алынган саясий тыянактардын жыйынты­гы катары «Жолду баскан арбытат» («Дорогу осилит идущий») аттуу китебин 2003-ж. орус тилинде жарыялаган. Ал китепте жаш мамлекет - Кырг-ндын алгачкы кадамдарын ж-а же­тишкен ийгиликтерин көрсөтүү м-н катар, мамлекет башкаруудагы кетирилип жаткан кемчи­ликтердин бир кыйласы сындалган. Айрыкча, ошол мезгилде баш көтөрүп калган жаңы за­мандын зыяндуу туундусу - коррупция көрсө­түлгөн. Ошону м-н бирге бул китепте көтөрүлгөн теор. жоболордун өзөгү, негизинен Кыргызстан үчүн жакынкы келечекте жүргүзүлүүгө тийиш болгон саясий, социал.-экон., маданий, ил. ж. б. багыттарды камтыган реформаларга арналган. Автордун ошол кездеги (2003) кыргыз коомчу­лугунун талкуусуна алып чыккан курч дискус­сиялык материалдары Президент Б-дин мамл. көп кырдуу саясатынын башатын түздү. Бир нече түрдөгү программаларга, практикалык иш-ча­раларга негиз болуп берди. Президент Б-дин мамл. ишмердүүлүгүндө, о. эле кыргыз мамлекет­түүлүгүнүн соңку тарыхында, мазмуну ж-а масштабы жагынан эбегейсиз зор тарыхый окуя - Шанхай Кызматташтык уюмунун (ШКУ)

Шанхай Кызматташтык уюмунун мүчөлөрүнүн Жетинчи саммиттеги жолугушуу учуру (солдон оңго карай): Казакстан Республикасынын Президенти Н. А. Назарбаев, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Ху Цзиньтао, Кыргыз Республикасынын Президенти К. С. Бакиев, Россия Федерациясынын Президенти В. В. Путин, Тажикстан Республикасынын Президенти Э. Рахмон, Өзбекстан Республикасынын Президенти И. Каримов.

Жетинчи саммитинин Кыргызстанда өтүшү, мам­лекет башчыларынын бул жыйынына Президент Б-дин төрагалык кылышы Кырг-нга аб­дан чоң аброй алып келди. «Бишкек саммиты», дүннөлүк коомчулуктун көңүлүнүн борборунда болду. Ал эми кабыл алынган эларалык тары­хый документ - «Бишкек декларациями» Кырг-н үчүн чоң утуш алып келүүгө тийиш. Кыргыз мамлекетинин тышкы саясатынын жыйынтык­тары эларалык дипломатиянын лексиконунда кеңири колдонула баштады. Т. Абдылдабеков.