БАКЫЯН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАКЫЯН - Талас обл-нун Карабуура р-нунда­гы кыштак. Бейшеке айыл өкмөтүнө караштуу. Талас-Тараз (Казакстан) автомобиль жолунун ж-а Талас суусунун боюнда, деңиз деңг. 887 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Ба­кайата кыш-нан 55 км түн.-батыш тарапта. Маймак (Казакстан) темиржол бекетинен 67 км. 1921-ж. негизделген. Калкы 2424 (2002); негизи­нен тамекичиликте ж-а мал чарбасында эмгек­тенет. Орто мектеп, ФАП, клуб, китепкана, тур­муш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү бар.