БАЛА БАКЧА
БАЛА БАКЧА - мектепке чейинки курактагы балдарды тарбиялоочу мекеме. 1 жаштан 6-7 жашка чейинки балдар тарбияланат. Бала бакча төмөнкүдөй топко бөлүнөт: 1-2 жашка чейин - наристелердин экинчи тобу; 2-3 жашка чейин - биринчи кенже балдар тобу; 3- 4 жашка чейин - экинчи кенже балдар тобу; 4-5 жашка чейин - ортоңку курактагы балдар тобу; 5-6 жашка чейин - жогорку курактагы балдар тобу; 6-7 жашка чейин - мектепке даярдоо тобу. Окуу-тарбия иштери жогоркудай жаш курактарына, жекече жаш өзгөчөлүктөрүнө ылайык түзүлгөн программанын чегинде жүргүзүлөт. Ар бир топто 20-30га чейин бала болот, ага тарбиячы ж-а анын жардамчысы бекитилет. Бала бакчаны атайы педагогикалык билими бар, тажрыйбалуу педагог жетектейт. Окуу-тарбия иши КР билим берүү министрлиги тарабынан бекитилген мамлекеттик ж-а альтернативалык программалык документтер боюнча мамлекеттик, расмий тилде ж. б. улуттар басымдуу жайгашкан чөйрөдөгү ата-энелердин каалоосу боюнча тандалып алынган тилде жүргүзүлөт. Бала бакчалардын педагог, врачтары режимдик талаптардын так аткарылышына, балдардын ден соолугуна ж-а алардын дене-бой жагынан өнүгүшүнө көзөмөл жүргүзүшөт. Дидактикалык-өркүндөтүүчү ж-а кыймылдуу оюндарга өзгөчө көңүл бөлүнөт. Ал эми атайы уюштурулган сабактарда балдардын көңүлү эне тилине, эсептөөгө, сүрөт ж-а конструкциялоого, ырдоо-бийлөөгө, айлана-чөйрө м-н тааныштырууга бурулат. Эмгекке тарбиялоо балдардын өзүн-өзү тейлөөгө, жаратылыш бурчунда, бакчанын короосунда өсүмдүктөргө ж-а жаныбарларга кам көрүү милдеттерин аткаруу аркылуу жүргүзүлөт. Ата-энелер, коомчулук Бала бакчада окуу-тарбия ишин уюштурууга, анын алдыңкы идеяларын эл арасында жайылтууга көмөк көрсөтүшөт. Ата-энелердин суроо-талаптарын аткаруу ж-а балдардын ден соолугуна кам көрүү, аларды колдоо максатында жер-жерлерде күнү-түнү иштөөчү, ден соолугу начар (мисалы, сокур, дүлөй) балдар үчүн санаторийлик типтеги Бала бакча уюштурулат. Коомдогу социалдык-экономикалык өзгөрүүлөргө байланыштуу бюджеттик Бала бакчалар м-н бирге азыркы күндө альтернативалуу: үй-бүлөлүк Бала бакча , «Энелер мектеби», «Кошумча билим, тарбия кызматын көрсөтүүчү борборлор» ж. б. уюштурулууда.