БАЛАНСТЫК ПАЙДА
БАЛАНСТЫК ПАЙДА — бухг. баланста чагылдырылуучу белгилүү мезгил үчүн пайданын жалпы суммасы. Б. п-га түрдүү продукцияларды, жумуштарды, тейлөөлөрдү ишке ашыруудан ж-а андан тышкаркы операциялардан (алынган ж-а телөнгөн айыптардын, үстөктөрдүн ж. б. ортосундагы айырма, ижарага берилген мүлктөн алынуучу ижара төлөмү ж. б. ) түшкөн пайда кирет.