БАЛБАКОВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛБАКОВ Мурат (15. 12. 1936-ж. т., Ысыккөл обл., Ысыккөл р-ну, Корумду айылы) - эконо мист, экономика илимд. доктору (1992), проф. (1989), КР УИАнын корр. мүчөсү (2000), КРдин эмг. сиң. экономисти (1991), КРдин илимге эмг. сиң. иш­мери (1997). Москва айыл чарба академиясын (1958), СССР ИАнын ЭИ аспиран­турасын (1964) бүтүргөн. 1964-74-ж. Кыргыз ССР ИАда кенже, улук ил. кыз­маткер, сектор башчы, бө­лүм башчы, 1984-92-ж. Кырг-н тоют ж-а жайыттар ИИИде директордун орунба-

сары, Агроөнөржай комплексинин жогорку баш­каруу мектебинин ректору, Айылдык ишкерлер­ди даярдоо ин-тунун ректору, 1992-2003-ж. УАК төрагасынын орунбасары, 2003-жылдан КР УИАнын экономиканы изилдөө борборунда бө­лүм башчы. Агрардык-экон. илимдин проблемалары б-ча фундаменталдуу эмгектери, а. и. ил.-тех. прогресстин, коомдук эмгектин, негиз­ги өндүрүш фонддорунун, жер ж-а эмгек ресурс­тарынын өндүрүмдүүлүгүнө, а. ч-дагы рынок ма­милелерине арналган 100дөн ашуун ил. эмгеги, а. и. 19 монографиясы бар.
Эмг.: Сельскохозяйственное производство и научнотехнический прогресс. Ф., 1987; Труд и повышение производительности в условиях перехода к рыночным отношениям. Б., 1992; Основы рыночных отношений и их реализации в аграрном секторе экономики. Б., 1992.