БАЛГАРТ ТООСУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛГАРТ ТООСУ Тескей Алатоодо; түндүгүнөн Үчемчек, түштүгүнөн Буркан сууларынын өрөөн­дөрү м-н чектешет. Жерг. эл «Төнөктоо» деп да атайт. Уз. 45 км, туурасы 8-10 км, орт. бийикт. 4000 м. Генезистик тиби - горст-антиклиналь. Палеозойдун кумдук, акиташ тектеринен турат. Чыгыш бөлүгүндө байыркы муз м-н жылмалан­ган тайпак чокулар бар. Батышка карай би­йиктеп, тоо кырларында мөңгү жатат. Тескейи зоокалуу ж-а мөңгүлүү, майда суулар м-н тил­меленген. Күнгөй бетинде төрлөр бар. Альп шалбаасы, субнивалдык ж-а нивалдык ланд­шафттар мүнөздүү.