БАЛДАР ҮЙҮ
БАЛДАР ҮЙҮ - ата-энеси жок жетим калган, ата-энелери укугунан ажыраган же денсоолугу начар, балдарын убактылуу бага албаган ж. б. орчундуу себептерден улам кароосуз, багуусуз калган балдарды тарбиялоочу мекеме. Кырг-нда Б. ү. 7 жашка чейинки ж-а мектеп курагындагы балдарды тарбиялоочу мекеме болуп бөлүнөт. Б. ү. тибине ж-а укуктук статусуна ылайык балдар жашоочу жай, тамак-аш, кийим-кечек, дарылоо, окутуп-тарбиялоо үчүн керектүү шарттар м-н камсызданат. Мектепке чейинки курактагы балдар Бишкек, Токмок ш-ндагы Б. ү-ндө атайы адистиги бар педагог, медицина кызматкерлеринин камкордугу астында тарбияланып, 6-7 жаштан кийин мектеп курагындагы балдарга арналган Чүй обл-нун Москва р-нундагы, Ош обл-нун Карасуу, Баткен обл-нун Кадамжай р-ндорундагы Б. ү-нө тапшырылат. Б. ү. кароосуз калган балдарга мамл. деңгээлде кам көрүп, келечекте өз турмушунун ээси болууга, эмгектенүүгө даярдайт.