БАЛДАРДЫН ТЕХНИКАЛЫК ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫ
БАЛДАРДЫН ТЕХНИКАЛЫК ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫ - политехникалык окуунун ж-а кесиптик багыт берүүнүн негизги каражаттарынын бири. Ал балдардын техникага кызыгуусун арттырып, чыгармачыл ж-а ойлоп тапкыч жөндөмдүүлүгүн, тех. ойлонуусун өнүктүрөт, ил. деңгээлин жогорулатат. Б. т. ч. көбүнчө модель, прибор (аспап, шайман), механизм, жөнөкөй машина өңдүү тех. объекттерди конструкциялоодон көрүнөт. Балдардын тех. чыг-лыгы класстан тышкаркы окууларда, мектептен тышкаркы мекемелерде (жаш техниктердин станциясында, клубдарда, чыгармачыл үйлөрдө ж. б.), о. эле эмгекке үйрөнүү ж-а предметтик сабактарда ишке ашырылат. Б. т. ч-н уюштуруунун эң кеңири тараган формасы - тех. ийрим. Мыкты эмгектер көргөзмөгө экспонат катары коюлуп, сыйлыктар м-н сыйланат. Б. т. ч. жеткинчектерди келечекте өндүрүштө, илимде, техникада эмгектенүүгө машыктырып, чыгармачыл жөндөмүн өнүктүрөт. Ойлоп табуучулар, рационализаторлор, өндүрүш новаторлору, конструкторлор, илимпоздордун көбү өз учурунда Б. т. ч. аркылуу даярдоодон өтүшкөн.