ВАЛЮТА КОТИРОВКАCЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:29, 17 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата 2-tom>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАЛ́ЮТА КОТИРОВКАCЫ – чет өлкөлүк валюталардын курсун колдонуудагы мыйзам нормаларына ж-а калыптанган ыкмаларга ылайык белгилөө. В. к-н мамл. (улуттук) же ири коммерциялык банктар ишке ашырат. В. к-нын эки негизги түрү бар: тике ж-а кыйыр. Көбүнчө тике түрү тараган‚ мында чет өлкөлүк валюта улуттук валюта бирдиктеринин белгилүү санында көрсөтүлөт. Кыйыр В. к-нда улуттук валютанын бирдиги чет өлкөлүк валютанын белгилүү бир санына теӊештирилет. Мындай ыкма Англияда колдонулат‚ мында бирдик катары фунт стерлинг алынат ж-а чет өлкөлүк валютанын айрым сандарында көрсөтүлөт. Расмий В. к. тууралуу маалыматтар атайын бюллетендерде‚ ишкер басмасөздөрдө‚ мезгилдүү басылмаларда жарыяланат. Рынок котировкалары өзгөрүлмөлүү болгондуктан‚ курс бирдиктеринин олуттуу жиктелишине алып келет.