БАЛЛАДА
БАЛЛАДА (французча Ьаііайе, латынча Ьаііо - бийлеймин) - түрдүү поэтикалык жана музыкалык жанрлардын аталышы. Орто кылымда роман элдеринин поэзиясында элдик бий менен кошо аткарылуучу лирикалык хор ырлары Баллада деп аталган. XIII кылымда француз, италян профессионал поэзиясында Баллада кеңири тараган. XIV–XV кылымдарда сюжетсиз лирикалык ырлар, орто кылымда Англияда тарыхый, фантастикалык, драмалык мазмундагы элдик сюжеттүү ырлар да Баллада. делген. Баллада сентиментализм , романтизм, неоромантизм учурунда поэзиянын барктуу жанрларынан болгон (Р. Бёрнс, С. Т. Колриж, У. Блейк, Р. Киплинг - Англияда; Германияда - Г. Бюргер, Ф. Шиллер, Г. Гейне). XVIII кылымда Англияда комедиялык Баллада - опера чыгармалары да жолугат. XIX кылымдагы орус поэзиясында В.А.Жуковский, А. С. Пушкин, М. Ю. Лермонтов, А. К. Толстой, кийин Н. С. Тихонов, Э. Багрицкий жана башка акындардын белгилүү Балладалары бар. Музыкада Баллада. көп учурда баатырдык жана баатырдык-эпикалык жанр катары өрчүгөн (мисалы, С.С.Прокофьевдин «Белгисиз бойдон калууну эңсеген бала жөнүндө баллада», А. Бабажаняндын фортепьяно менен оркестр үчүн жазылган «Баатырдык балладасы» жана башкалар). Вокалдык Баллада жанры Германияда, Австрияда Ф. Шуберт, Р. Шуман, Й. Брамс жана Г.Вольфтун романтикалык чыгармаларында өнүккөн. Фортепьяно үчүн жазылган Балладалар да жолугат. Кыргыз адабиятында Баллада тарыхый, фантастикалык окуяларды чагылдырат, адамдардын эрдиги, баатырдыгы да ырдалган (мисалы, А. Токомбаевдин «28 баатыр» аттуу чыгармасы).