БАЛЛИСТИКА
БАЛЛИСТИКА (нем. Ваііізіік - ыргытам) - артиллерия снаряды, авиабомба, мина, гранат ж-а ок-дарынын, о. эле ракета ж-а анын согуш блокторунун, космос аппаратынын ж. б-дын кыймылы ж-дөгү илим. Мындай кыймылга нерсени запас кинетикалык энергияга ээ кылуучу күүлөнүп (активдүү) учуу ж-а ал энергияны чөйрө каршылыгын, оордук күчүн жеңүүгө сарптаган эркин (пассив дүү) учуу мүнөздүү. Б. теориялык ж-а асман механикасынын, термо-, газож-а аэродинамиканын, ок-дарынын күйүү, матем. статистика теорияларынын, ыктымалдык ж-а башкаруу теориясынын ж. б. закондорго негизделет. Б-нын негизги ыкмасы - снаряд ж-а ракета кыймылдарын детерминацияланган ж-а стохастикалык мазмундагы дифференциалдык ж. б. теңдемелер системасына негизделген эсептөө техникасынын жардамы м-н матем. моделдөө. Аскер ишинде, космонавтикада, криминалистикада ж. б-да кеңири пайдаланылат.
Най системасынын ж-а ракетанын (реактивдүү снаряддын) Б-сынын курамдык бөлүктөрү болуп ички ж-а сырткы Б. эсептелет. И ч к и Б. - курал найынын каналында ыргытуучу заряд күйгөндө пайда болгон газдын таасири астындагы снаряддын кыймылын, о. эле аткан учурда найдын каналында же ракетанын күйүү камерасында пайда болгон башка процесстердин законченемдүүлүгүн изилдейт. Анын негизги бөлүмдөрү: пиростатика, пиродинамика, куралды Б-лык долбоорлоо. С ы р т к ы Б. - кыймылга келтирүүчү түзүлмөнүн өзара аракети, о. эле бул кыймылга таасир этүүчү факторлор токтогондон кийинки ракета, снаряд ж. б-дын кыймылын изилдейт. Анын ыкмалары башкаруучу күчтөр ж-а моменттердин таасирисиз космос аппаратынын кыймылынын законченемдүүлүгүн окуп-үйрөнүүдө колдонулат. Б. Байыркы Грекияда Архимеддин атуучу куралдарды (катапульта, баллиста ж. б.) жасоосуна ж-а аларды колдонууга байланыштуу пайда болгон. Снаряддын кыймылын окуп-үйрөнүү 17-18-кда X. Гюйгенс (Нидерланд), П. Вариньон (Франция), И. Бернулли, Л. Эйлер (Швейцария) ж. б-дын иштери м-н байланыштуу өнүккөн. 20-к-да орус окумуштуулары Н. Ф. Дроздов, И. П. Граве, Н. А. Забудский ж. б-дын Б-нын негизги маселелерин чечүүгө ж-а эсептөө ыкмасын өнүктүрүүгө байланышкан иштери дүйнөгө белгилүү болгон.