БАЛЛИСТИКАЛЫК РАКЕТА
БАЛЛИСТИКАЛЫК РАКЕТА (гр. Ьаііо - ыргытам) - кыймылдаткычтарын өчүргөндөн кийин баллистикалык траектория боюнча учуусун улантуучу ракета. Ал айрым учурда аэродинамикалык туруктуулукту камсыз кылуучу туруктооч (стабилизатор) м-н жабдылат. Анын (континент аралык баллистикалык ракетаны кошкондо) согуштук ракеталар, алып жүрүүчү-ракеталар, космос ракетасы ж. б. түрлөрү бар. Анын канаттуу ракетадан айырмасы учуп баратканда аэродинамикалык көтөрүү күчүн жаратуучу алып жүрүүчү бети (аянтчасы) жок. Ал бир ж-а көп баскычтуу болушу мүмкүн.