БАЛТАГУЛОВ
БАЛТАГУЛОВ Төрөгелди (1920, Жалалабат обл., Алабука р-ну, Кошалмурут айылы - 1966, Фрунзе) - коомдук ж-а мамл. ишмер. Кыргыз мамл. пед. ин-тун, Москвадагы жогорку партиялык мектепти бүтүргөн. 1941-44-ж. Жалалабат обл.-нун Алабука р-нунда мектепте мугалим, директор, райондук элге билим берүү бөлүмүнүн башчысы, Кырг-н КП Алабука райкомунун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, Кырг-н ЛКЖС Жалалабат обкомунда пропаганда бөлүмүнүн башчы-

сы, 1944-49-ж. комсомолдун Жалалабат обкомунун 1-секретары, 1953-55-ж. партиянын Ош обкомунун секретары, эмгекчилер депутаттарынын Ош обл. советинин аткаруу комитетинин төрагасы, 1955-62-ж. Кырг-н КП Жалалабат обкомунун 1-секретары, эмгекчилер депутаттарынын Ош обл. советинин аткаруу комитетинин төрагасы, партиянын Ош обкомунун 1-секретары, 1962-жылдан профсоюздардын респ. советинин төрагасы болуп иштеген. Кыргыз ССР Жогорку Советинин (1955-59), СССР Жогорку Советинин (1958-66) депутаты. Ленин, Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери м-н сыйланган. Райондун борборундагы мектепке, көчөгө ысмы берилип, айкели тургузулган.