БАЛТЫРКАН ЗАКАЗНИГИ
БАЛТЫРКАН ЗАКАЗНИГИ - Чаткал кырка тоосунун түштүк капталындагы токою корулуучу аймак. Авлетим суусунун өрөөнүндө. Аянты 304 га. Корук. 1975-ж. Аксы районунун аймагында (Авлетим токой чарбасында) Теңир-Тоонун эндемиги болгон көк карагай токоюн сактоо максатында уюшулган. Мында көк карагайдан башка теңир-тоо карагайы, жаңгак, ак чечек, алма, алча, шилби, табылгы, четин ж. б. өсөт.