БАЛДАР АДАБИЯТЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:39, 13 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛДАР АДАБИЯТЫ - балдардын жаш өзгө­чөлүктөрүнө жараша бөбөктөр, тестиер балдар, өспүрүмдөр үчүн арналып жазылган адабий чы­гармалардын жалпы аталышы. Балдар үчүн жазылган чыгарманын тили жөнөкөй, түшүнүк­түү, элестүү ж-а бай болуусу керек. Балдар адабияты балдар­ды сөз маданияты м-н тааныштырат, ойлоо жөн­дөмүн кеңитет. А. С. Пушкиндин жомоктору, И. А. Крыловдун тамсилдери, Д. Дефонун «Робинзон Крузо» романы балдардын сүйүктүү ки­тептеринен болуп саналат. X. К. Андерсендин, ага-ини Я. ж-а В. Гриммдердин жомоктору, М. Твендин повесттери ж. б. чыгармалары жаш муундардын айлана-чөйрөгө болгон көз карашын тереңдетип, Ата Журтка, элине болгон сүйүүсүн арттырат, түркүн өнөргө шыктандырат, жооп­керчиликтүү чоң иштерди аткарууга даярдайт. Азыркы Балдар адабияты көп улуттуу. Алардын ар бири­нин өз алдынча өсүш жолу, тарыхы бар. В. В. Маяковский, К. И. Чуковский, С. Я. Маршак, М. Ильин, А. П. Гайдар, В. П. Катаев, С. В. Михалков, Л. А. Кассиль өңдүү жазуучулардын балдар үчүн жазган чыгармалары дүйнөгө бел­гилүү. Кыргыз Балдар адабияты совет мезгилинде жаралды, к. Кыргыз балдар адабияты.