БАЛЫКИН
БАЛЫКИН Валерий Васильевич (1941-ж.т., Бишкек) - ички кызматтын генерал-майору (1990). Бишкек политехника ин-тун (1964), Ташкен парт. жогорку мектебин (1984) бүткөн.

1958-80-ж. «Оор-электрмаш» заводунда инженер, конструктордук бюронун начальниги, башкы инженер, директор, 1980-82-ж.
Кырг-н КП Биринчи май райкомунун 2-секретары, 1982-93-ж. Кыргыз Респ-нын ички иштер министринин орунбасары, 1993- жылдан ИИМдин системасында жетекчилик кызматта. Медалдар м-н сыйланган.