БАЛЫКООЗ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:51, 17 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Батма (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛЫКООЗ Кумар уулу (өз аты Бекмурат) (1799, Кетмен-Төбө өрөөнү, Коңур-Өгүз айылы - 1887, Чүй өрөөнү, Алчалуу айылы. Сөөгү Байтиктин Басбөлтөгүндө) - манасчы, санжырачы, акын. «Манас» эпосун 13-14 жашынан айта башта­ган. 20 жашында манасчы, ырчы катары таа­нылган. Оозеки, жазма маалыматтарга караганда ал ырчылык м-н манасчылык өнөрдү Эсен­ден, Нооруздан үйрөнгөн. Балыкооз «Манаска» чейинки кыргыз тарыхын, этнографиясын ж-а фольк­лорун камтыган «Оторкан» эпосунун жаратуу­чусу ж-а айтуучусу болгон. «Эр Төштүк», «Кан Шырдак», кыпчактардын «Эр Табылды жалгы­зым», кытайлардын «Кыл муруттуу Кожожаш», «Сен Саринжи, мен Бөкөй» дастандарын өз вариантында айткан. Казак жерин аралай ырдап таанылган каражаак Сокур Калча, Эсенаман, Чоңду, Назар акындар манасчылык м-н ырчылык өнөрдү Балыкооздон үйрөнүшкөн. Анын айткан «Манасындагы» байыркы замандан бери келе жаткан салттык өзөк окуяларды сактап, жо­лун жолдоп, чыгармачылык үлгүсүн уланткан шакирт­тери Шапак Рысменде уулу м-н Сагымбай Ороз­бак уулу болгон. Уулу Найманбай да атасынан үйрөнүп, эл арасына манасчы катары таанылган. Найманбайдын айтуусундагы айрым эпи­зоддордон (мисалы, «Манастын жоо кийимдери», «Манастын күмбөзү») Балыкооздун вариантына таан­дык үзүндүлөрдү 1923-жылы К. Мифтаков Таластын Кең-Кол ж-а Улуу-Төр жайлоосунда Сулайман Рыскулбек уулунун аткаруусунда жазып алган. Азыр ал КР УИАнын кол жазмалар фондунда сакталып турат.

С. Станалиев.