БЕЙШЕЕВ Үсөн
БЕЙШЕЕВ Үсөн (10. 10. 1920, Нарын обл., Кочкор р-ну, Теңдик кыш – 1982, ошол эле жерде) – Даңк орденинин толук кавалери. 1942-ж. Сов. Армиянын катарына чакырылган. 1943-ж. 3-Украина ж-а 1-Белорус фронтторунда, Украина, Белоруссия ж-а Польшаны бошотууга, Берлинди алууга катышкан. Красный кыш. үчүн 3-даражадагы (1944), Головачув ш-н бошотуудагы баатырдыгы үчүн 2-даражадагы (1945), Зеелов бекемделген районун алуудагы эрдиги үчүн 1-даражадагы (1946) Даңк ордендери м-н сыйланган.
