БЕЙШЕМБИЕВ Мукаш Итикулович

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:30, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата vol2_146_225_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕЙШЕМБИЕВ 1 Мукаш Итикулович (1960-ж. т., Жалалабат обл., Токтогул р-ну, Сарыкамыш кыш.) – хирург, медицина илимд. доктору (1996), КММИни (1984), СССР МИАнын ОИБде аспи­рантураны (1989, Москва), РМИАнын ОИБде докторантураны (1996) бүтүргөн. 1995–98-ж. Кыргызстан онкология ж-а радиология ил.-из. ин-тунда ил. кызматкер, бөлүм башчы болуп иштеген. 2001-жылдан КР саламаттык сактоо министрлигинин ОИБде көкүрөк онкологиясы бөлүмүн жетектейт. 60тай ил. эмгектин автору. Анын эмгектери ич көңдөйүнүн, көкүрөк көң­дөйүнүн шишиктерине арналган.

Эмг.: Хирургическое лечение опухолей и кист сре­достения (в соавторстве). Б., 2001.