БЕЙШЕМБИЕВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:30, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата vol2_146_225_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕЙШЕМБИЕВ Эсенгул Жумашевич (27. 7. 1952-ж. т., Ысыккөл обл., Жетөгүз р-ну, Дар­хан кыш.) – юрист, юрид. илимд. доктору (1993), проф. (1995). КРдин илим ж-а техника б-ча мамл. сыйл. лауреаты (1996). 1982-ж. Казан ун­тинин юрид. ф-тин бүтүргөн. 1982–91-ж. КМУ-нун юрид. ф-тинде окутуучу, декандын орунба­сары, кафедра башчысы, партбюронун секрета­ры, 1991–93-ж. Кыргыз УИАда Мамлекет ж-а укук ин-тунун директору, 1993–2002-ж. КЭУда Эларалык укук дипломатиясы ф-тинин деканы. 2000-жылдан Кыргыз мамл. тех. ун-тинин проф. Кырг-нда эларалык укук б-ча ил. багыттын негиздөөчүсү. 100дөн ашык ил. эмгектин, а. и. 6 монографиянын автору.