БЕКБОЕВ
БЕКБОЕВ Ысак (10. 8. 1930- ж. т., Нарын обл., Атбашы р-ну, Карасуу кыш.) – педагогика илимд. доктору (1994), проф. (1983), КР УИАнын корр. мүчөсү (1997), КРдин эл мугалими (2005), КРдин илим ж-а техника б-ча мамл. с ый л . л ау реат ы (2002). КМУнун физика-математика ф-тин бүтүргөн (1952). Орто мектептин математика мугалими (1952–55), Кыргыз пед. ил.-из. ин-тунда улук ил. кызматкер, сектор башчысы, директорго орунбасар (1955–75), КМУда декан, окуу иштери б-ча проректор (1975–84), Кыргыз билим берүү ин-тунда директор (1984–2002). 2003-жылдан Кыргыз билим берүү академиясынын Билим берүү ж-а илим борборунун директору. 150дөн ашык ил. эмгектин (а. и. 10 монография, 20 окуу китеби) автору.

Эмгектери негизинен билим берүүнү башкаруунун аспектине, педагогиканын жалпы маселелерине, окутуунун мазмунун ж-а методикасын изилдөөгө, ил.-пед. кадрларды даярдоого арналган. О. эле математиканы окутуу маселелерин изилдөөчүлөрдүн ил. мектебинин негиздөөчүсү катары орто мектептин бардык класстары үчүн математика б-ча окуу китептерин түзгөн. «Ардак Белгиси» ордени (1971) ж-а медалдар м-н сыйланган.
Эмг.: К вопросу осуществления связи обучения математике с жизнью. Ф., 1964; Математика сабагында программаланган окуунун элементтеринен пайдалануу. Ф., 1968; Жогорку класстарда геометрияны окутуунун рационалдуу жолдору. Ф., 1970; Жогорку математиканын жалпы курсу. Ф., 1984, 2000; Инсанга багыттап окутуу технологиясынын теориялык жана практикалык маселелери. Б., 2003, 2004; Педагогикалык процесс: эски көнүмүштөр жана жаңычыл көзкараштар. Б., 2005.