БЕКЕТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:30, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата vol2_146_225_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕКЕТ (фр. рiquet, орусча пикет) – 1) чакан күзөт отряды; 2) темиржолдун узундук чени; 3) геод. рейкаларды орнотуу ж-а трассаны камсыз кы­луу үчүн белгилүү орунга кагылган казыктар м-н белгиленген белгилүү орундагы геод. чекит­тер; 4) ар бир 20–25 км аралыкта жайгашкан почта станциясы. Түн. Кырг-ндын айрым айма­гында (мис., Нарын обл.) мал үчүн жылууланып салынган курулуш да (мис., уй Б., ат Б.) Б. деп


аталат. Илгери темиржол ж-а машина жокто жүргүнчүлөр Б-ке токтошчу, аттарды алмашты­рышчу, почта кызматкерлери же чиновниктер эс алып, ат чалдырып же ат которуп өтүшчү. Б-тер ортосунда эки же үч ат чеккен почта арабалары жүрүп турчу. 19-к-дын ортосунан баштап, Кырг­ндын түн. райондорунда каражол жээгинде Б-тер салынган. Почта жүктөрү көбүнчө кош ат чегил­ген арабада, чанада ташылчу. Кабарды тез жет­кирүү, өкмөт чиновниктерин ташуу үчүн токулуу аттар даяр турчу. Мындай Б-терди тейлөөчүлөрдү бекетчи деп аташкан. Азыркы кезде Б. станция деген мааниде колдонулган учурлар да бар, мис., Автобекет, темиржол Б-и ж. б.