БЕКМУРАТОВ
БЕКМУРАТОВ Саид (1901, Карасуу р-ну, Жылкелди кыш. – 1.2.1966, Фрунзе) – белгилүү кылкыякчы, Кыргыз ССРинин эмг. сиң. арт. (1939). Кыргыз мамл. драма театрында (1934–36), Кыргыз мамл. филармониясында (1936–61), Фрунзедеги М. Күрөңкөев атн. муз-хореогр. окуу жайында (1961) иштеген. Элдик ырларды, күүлөрдү кылкыяктын коштоосунда ырдоону, күү тартууну Калыбай, Нармат, Айдараалы, Муратаалыдан өздөштүргөн.

Ал кылкыякчылардын «Керөзөн», «Бекарстан тайчы», «Ак токту», «Ат кетти», «Шырдакбектин боз жорго» аттуу күүлөрүн устаттык м-н тарткан. Өзү «Сырдаш», «Тизгин күү», «Кул пенде», «Кедейдин арманы», «Чуу басар» ж. б. күүлөрдү чыгарган, «Паризат», «Бери чык», «Эки жол», «Жол жүрүш» аттуу элдик ырларды аткарган. Кыргыз радиосунун алтын казынасына 20дан ашык күүлөрдү, ырларды жаздырган. Кылкыякты мыкты чапкан уста да болгон. Кыздардын кылкыякчылар ансамблин уюштурган. Кыргыз ад-ты м-н иск-восунун Москвада өткөн эки он күндүгүнүн (1939, 1958) катышуучусу. «Ардак Белгиси» ордени, медалдар м-н сыйланган.
Ад.: Алагушов Б. Кылымдардын кылдары. Б., 2005.