БЕКТЕНОВ Касымалы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:30, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата vol2_146_225_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕКТЕНОВ Касымалы (1910, Ысыккөл обл., Ысыккөл р-ну, Карой кыш. – 20. 6. 1975, Биш­кек) – жазуучу, драматург ж-а артист. Рабфак­ты бүткөн (1929). 1929–34-ж. Нарын кантонун­дагы комсомол к-тинде, респ. радио к-тте иште­ген. Москвадагы А. В. Луначарский атн. театр ин-тун бүткөн (1941). Улуу Ата Мекендик со­гуш мезгилинде Сов. Армиянын катарында кыз­мат өтөгөн. 1945–47-ж. Кыргыз мамл. драма те­атрында артист, Пржевальскидеги обл. драма театрында башкы режиссёр, 1952–57-ж. Кыргыз мамл. драма театрдын директору, Кырг-н ки­нематографисттер союзунун председателинин орунбасары, 1964-жылдан Кыргыз мамл. филар­мониясында иштеген, кинофильмдерге тартыл­ган. Адабий чыг-лыгы 1950-жылдан башталган. 1953–55-ж. «Тоо арасында», «Көк ирим көлдүн жээгинде», «Ашууда», «Бир цехтин адамдары» аттуу аңгемелерди жазган. 1955-ж. анын «Бере­келүү өрөөн», «Бут башка таарынат» аттуу пье­салары коюлган. Б. «Куйручук» (1960), кыргыз­дын биринчи революционеринин өмүрүн баян­даган «Таабалды Пудовкин» (1-китеп, 1959; 2-китеп, 1962), «Райкандын күлкүсү» (1963), «Сөөк өчтү» (1967), «Мени унутпа» (1971), «Ай­кын жол» пьесаларынын, балдарга арналган бир нече китептин, ж. б. чыгармалардын автору. Б-дун айрым китептери орус тилине которул­ган. «Ардак Белгиси» ордени м-н сыйланган.