БЕКТУРСУНОВ
БЕКТУРСУНОВ Сүйүнтбек [20. 12. 1909, Олуя- Ата уезди, Карасуу болуштугу (азыркы Талас р-ну, Үчкошой кыш.) – 13. 6. 1962, Фрунзе] – котормочу, көркөм котормо чеберлеринин бири. Фрунзедеги педтехникумду бүтүргөн (1930), Кыргыз драма театрынын директору, «Ленинчил жаш» гезитинин редакторунун орунбасары болуп иштеген. Котормочулук иши 1931-жылдан башталган. А. Чеховдун «Аңгемелер» (1940), В. В. Бартольддун «Кыргыздар» (1943), Л. Толстойдун «Согуш жана тынчтык» (1-т. 1949; 2-т. 1951; 3-т. 1954), «Аңгемелер жана жомоктор» (1953), «Жекшемби» (1956), «Тандалган чыгармалар» (1959) ж. б., М. Горькийдин пьеса, аңгемелерин, А. С. Пушкиндин «Капитан кызы» (1958), Майн Риддин «Башы жок чабандес» (1959), о. эле Л. Жариков, В. Маяковский, С. Улугзаде, С. Аксаков, Э. Распэ, П. Абрахамс, И. Соколов-Микитов, Н. Островский ж. б. акын-жазуучулардын чыгармаларын которгон. Л. Толстойдун «Согуш жана тынчтык» эпопеясын которушу анын улуттук ад-тка кошкон зор салымы болгон. Ал В. Горячих м-н бирдикте «Армансыз азаматтар» деген пьеса да жазган. «Кыргызфильм» студиясында көптөгөн кинону кыргызчалаткан.