БЕЛГИСИЗ СОЛДАТТЫН (МАТРОСТУН) МҮРЗӨСҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:30, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата vol2_146_225_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕЛГИСИЗ СОЛДАТТЫН (МАТРОСТУН) МҮРЗӨСҮ – салгылашта курман болгон жоо­керлердин урматына орнотулган эстелик-символ. Биринчи жолу Парижде (Франция) курулган (1921). Москвада (Россия) Александр багында Кремль дубалынын жанында 1967-ж. 8-майда ачылган (арх. Д. И. Бурдин, В. А. Климов, Ю. Р. Рабаев, скульптор Н. В. Томский). 1997-ж. Москвадагы Б. с. (м.). м-нүн жанында ¹1 пост коюлган. Киев, Севастополь, Керчь ж. б. бир катар шаарларда да Б. с. (м.) м-нө эстеликтер орнотулган.