БЕЛГРАД
БЕЛГРА́Д (Београд) – Черногория ж-а Сербия Мамл. биримдигинин ж-а Сербия Респ-нын борбор шаары. Түш. Европадагы ири шаарлардын бири. Б. өзгөчө адм.-айм. бирдик статусуна ээ болгон (16 общинага бөлүнөт) борб. регионду түзөт. Калкы 1,1 млн (2005; шаар айланасындагы общиналар м-н 1,7 млн). Дунай д-на Сава д. куйган жерде жайгашкан өлкөдөгү ири порт. Темиржол ж-а автомобиль магистралдар тоому. Батыш ж-а Борб. Европадан Эгей деңизине чыгып, андан ары Кичи Азияга,Жакынкы ж-а Ортоңку Чыгышка чыгат. Эларалык аэропорту бар. Машина куруу (ар түрдүү); эгин жыйноочу комбайндар, трактор, а.ч. техникалары, автобус («Икарбус» з-ду), микроэлектрон приборлору, тиричилик техникаларынын тетиктери («Белим» з-ду), хим., текстиль, булгаары-буткийим, полигр., тамак-аш, жеңил, жыгачылык өнөржайы иштейт. Эларалык ярмаркалар ж-а жыл сайын кинофестивалдар өтүп турат. Серб ИА, ун-т, обсерватория, театр ж-а кино акаде-
11*

миясы (1950, учурда драма иск-восу ф-тети), китепкана, театрлар, филармония (оркестр, хор), элдик этногр. музейлери ж. б. бар.
Тоо капталдарында ж-а дөңсөөлөрүндө токой массивдери ж-а парктар көп, алар Космай (628 м), Авала (506 м) ж. б. корук уюшулган. Азыркы Б-дын аймагында байыркы кельт урууларынын Сингидунум аттуу тургун жайы болгон, кийинчерээк ошол эле ат м-н римдик шаар болуп калган (б. з. ч. 1-к. б. з. 4-к.). 6-к-да шаар Византиянын карамагына өткөн. 9–10-к-да болгарлар ээлешкен. 11–12-к-да Византиянын, андан кийин болгарлардын, венгрлердин ж-а сербдердин бийлиги астында келген. 1521-ж. Б-ды түрктөр басып алган. Австрия-Түркия согуштарынын учурунда Б. үч жолу (1688–90, 1717–39, 1789–91) австриялыктардын колуна өткөн. 1806-ж. түрктөрдөн бошотулуп, Сербия княздыгынын (1882-жылдан королдугунун) борбору болуп калат. 1813–30-ж. шаар кайрадан түрктөрдүн бийлигине өткөн. Биринчи дүйнөлүк согушта Б. эки жолу австриялык аскерлер тарабынан басып алынган. 1918-жылдын 1-декабрынан Б. серб, хорват ж-а словендер королдугунун (1929-жылдан Югославиянын) борбор шаары. 1941-ж. 13-апрелде Германия басып алган. 1944-ж. сов. аскерлер м-н Югославиянын Элдик-боштондукка чыгаруу армиясы бошоткон. 1945–92-ж. Югославия Элдик Федерация Респ-нын (1963-жылдан Югославия Соц. Федерация Респ-нын) борбор шаары болуп жарыяланган. 1992-жылдан Югославия Союздук Респ-нын, 2003-жылдан Черногория ж-а Сербия Респ-нын борбору.