БЕНЗИН
БЕНЗИ́Н (фр. benzine) – жеңил углеводороддордун аралашмасы; кескин жыттуу, түссүз, 35– 205°Сде кайноочу, суудан жеңил, күйүүчү суюктук. Тыгыздыгы 0,70–0,78 г/см3, 60°Сден төмөнкү темп-рада тоңот, от алуу темп-расы 0°Сден төмөн, абада тез бууланат. Буусунун концент-сы абада 74–123 г/м3 болсо, жарылгыч аралашманы пайда кылат. Б. негизинен нефтини крекингдөө же буулантып бөлүүдөн, ал эми аз санда ташкөмүрдү, күйүүчү сланецти кайра иштетүүдөн, жаратылыш газынан алынат. Карбюраторлуу автож-а авиакыймылдаткычтарда отун катары колдонулат; май, каучук, чайырларга экстрагент ж-а эриткич. Отун катары пайдаланылуучу Б. автомобиль ж-а авиация үчүн болуп бөлүнөт. Автомобиль Б-инин А-72, А-76, АИ-92, АИ-93, АИ-98 (цифралар октан санын билдирет), авиация Б-инин Б-100/130, Б-95/130, Б-91/115 (бөлүмүндөгү сан октан санын, алымындагысы – Б-дердин сортунун көрсөткүчү) деген маркалары болот. Детонациялык туруктуулугу анын негизги касиеттеринин бири. Антидетонациялык касиети октан саны м-н туюнтулат. Октан саны жогорулаган сайын антидетонациялык касиети өсөт. Детонациялык касиетинжогорулатууүчүнБ-гебелгилүүөлчөмдө тетраэтил коргошун Pb(C2H5)4 кошулат, к. Мотор майлары.