БЕНОНИ
БЕНО́НИ (Benoni) – ТАРдагы шаар. Йоханнесбургдун шаар-спутниги. Калкы 605 миң (2005). Витватерсранд кендүү аймагынын чыгышында жайгашкан. Темиржол станциясы. 1904-ж. негизделген; 1907-жылдан шаар. Б-де жогорку ж-а учкучтарды даярдоочу мектептер, пед. ж-а тех. коллеждер, музей (1994) бар. Алтын казып алуу өнөржайынын борбору. Металл иштетүүчү, текстиль (а. и. жут), кара металлургия, машина куруу (темиржол вагондору, локомотивдер), электр-тех. жабдуулар өндүрүшү иштейт.