БЕНТОС

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:30, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата vol2_146_225_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕ́НТОС (гр. btnthos – тереңдик) – океан, деңиз ж-а көл түбүндө жашоочу организмдер жыйын­дысы. Б. организмдери суу түбүндөгү субстрат­ка жараша тиричилик өткөрөт ж-а зообентос (жаныбарлар), фитобентос (өсүмдүктөр), бакте­риябентос (бактериялар) болуп бөлүнөт. Деңиз зообентосуна фораминиферлер, былпылдактар, ичеги көңдөйлүүлөр, асцидиялар, балыктар; фи­тобентоско деңиз түбүндөгү бактериялар, балыр­лар кирет. Деңиз Б-у балык сыяктуу суу жаны­барларына жем, айрымдарын (балыр, краб ж. б.) адамдар тамак-ашка пайдаланат. Ысык­көлдүн зообентосуна нематоддор, олигохеттер, сүлүктөр, жумшак денелүүлөр (үлүлдөр), муунак буттуулар, курт-кумурскалар, алардын личин­калары кирет. Б-тун курамы, таралышы, биол. продуктуулугу төмөнкү экол. факторлорго бай­ланыштуу: субстраттын мүнөзүнө ж-а анын ту­руктуулугуна, суу агымынын ылдамдыгына, темп-расына, газ режимине ж. б. Б-тун океан­дагы жалпы биомассасы 10 млрд т га жетет; анын 90%ке жакыны шельфке ж-а материктик капталдарга туура келет.

К. Молдошев.