БЕРГЕН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:30, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата vol2_146_225_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕ́РГЕН – Норвегиянын батышындагы шаар, Хордаланн фюлькесинин (адм.-айм. бирдик) адм. борбору. Калкы 237 миң (2004); калкынын саны б-ча Ослодон кийинки 2-шаар. Түндүк де­ңизинин жээгиндеги ири порт. Тоңбогон Бю­фьорддун жээгинде жайгашкан. Осло ш. м-н те­миржол аркылуу байланышат. Эларалык аэро­порту бар. 1070-ж. чамасында негизделген. 1100-ж. бург (сепил) курулуп, Норвегия королдугунун маанилүү саясий борборуна айланган. Өзгөчө мүнөздөгү чатырлары, короолору ж-а гал-лары бар кампа-үйлөр сакталган. Булар Бүткүл дүй­нөлүк мурастын тизмесине кирген. 1350-ж. Түн. Европанын ири соода борборунун бири. Хакон Vнин король залы ж-а Розенкранц мунарасы (16-к.), Ыйык Мария базиликасы (12-к-дын ба­шы), ренессанс стилиндеги Ыйык Крест чиркөөсү бар. Учурда бул курулуштун бир азы (1702-, 1855-ж. өрттөн кийин) гана калган. Шаар 19-к­дын орто ченинен эклектика стилинде курула баштаган. Коло эстеликтер (музыканттарга, жа­зуучуларга тургузулган) көп. Деңиз изилдөө ин­ту (1900), ун-т (1946), ун-ттик коллеж (1994), экономика, бизнес-адм. (1936) жогорку мекте­би, консерватория, музейлер, театрлар, филар­мония бар. Жыл сайын муз. фестивалдар өткө­рүлүп турат. Нефть ажыратуу (жакшы өнүккөн), нефть-хим., балык иштетүүчү, кеме куруу, ме­таллургия, электроника, текстиль, тигүү өнөр­жай ишканалары бар. Фортепиано жасоочу ф-ка (1896) иштейт.