БЕРИЛЛИЙ КЕНТАШТАРЫ
БЕРИ́ЛЛИЙ КЕНТАШТАРЫ – техника м-н экономиканын өнүгүшүнүн учурдагы деңгээлине ылайык, курамында казып алууга жарамдуу өлчөмдө бериллий металлы бар тоотектер же минералдардын чогундусу. Бериллий металлы кенташта (рудада) көбүнчө минералдар түрүндө, кээде тоотектердин курамында изоморфтук аралашма катары болот. Б. к-н түзүүчү бериллийдин негизги минералдары: берилл (курамында ВеО 10–12%), фенакит (42–45%), бертрандит (40–42%), гельбертрандит (32–35%), хризоберилл (10–20%), гельвин ж-а гентгельвин (10– 12%). Б. к-нын кендери гранит ж-а субжегичтүү гранитоид интрузиялары м-н байланышып, негизинен постмагмалык процесстерден пайда болот. Алар бериллийлүү гранит пегматиттер (0,05–0,09% ВеО), гельвиндүү ж-а хризобериллдүү скарндар (0,1–0,15%), бериллийлүү грейзендер м-н кварц тарамдары (0,1–0,15%) ж. б. сыяктуу өнөржайлык маанидеги бир нече типке бөлүнөт. Кендери О. Азия, Казакстан, АКШ, Колумбия, Бразилия, Түш. Африка Респ-сында ж. б. жерлерде бар.