БЕРИНГ
БЕ́РИНГ Витус Ионассен (Иван Иванович) (12.8.1681, Дания, Хорсенсе – 8.12.1741, азыркы Беринг а.) – орус деңиз саякатчысы. Россия флотунун капитан-командору (1730). Даниялык. 1703-ж. Россия аскер-деңиз флотуна кызматка

чакырылган. 1724-ж. чейин Балтика ж-а Азов флотторунда кызмат өтөгөн. Пёрт Iнин буйругу м-н Орус флотунун 1-рангдагы капитаны кызматына (1724) алынган. 1725-ж. Азия ж-а Американын аралыгында мойнок же кысык бар экенин далилдөө үчүн уюшулган 1- Камчатка экспедициясынын башчылыгына дайындалган. Экспедиция Камчатканы ж-а Чукотканы жээктей сүзүп, кысыктан өтөт да (кийин ал Б-дин ысмы м-н аталган), бирок тумандан жер көрүнбөгөндүктөн, кысыктын бар же жок экенин аныктай алган эмес. Бул сапарында 67°18' түш. кеңдикке чейин жеткен. 1732-ж. 2-Камчатка экспедициясын башкарып, Түн. Америкага жетип, бир нече аралды ж-а Алеут жалчасын ачкан. Изилдөөлөрү м-н чийген карталарынын негизинде 30дан ашык ил. эмгеги жарык көргөн. Кайтып келатып, кыштаган аралда (кийин анын ысмы м-н аталган) каза болгон. Б-дин аты м-н Тынч океандагы деңиз, Түш. Аляскадагы мөңгү ж. б. аталган.
Ад.: Берг Л. С. Открытие Камчатки и экспедиции Беринга. 1725–1742. 3-е изд. М.; Л., 1946; Пасецкий В. М. Витус Беринг. М., 1982.