БЕРЛИН ПАКТЫСЫ
БЕ́РЛИН ПАКТЫСЫ (1940) – «Антикоминтерндик пактынын» негизги катышуучулары Германия, Италия ж-а Япониянын ортосундагы согуштук союз түзүү ж-дөгү келишим. Келишимге 27-сентябрда Берлинде кол коюлган. Анын мүчөлөрү өзара саясий экон. ж-а согуштук жардам көрсөтүүгө милдеттенишкен. Б. п-на Германияга көзкаранды болгон Венгриянын (1940-ж. 20-ноябрь), Румыниянын (1940-ж. 23-ноябрь) өкмөттөрү кирген. Кийинчерээк ага Финляндия, Испания, Таиланд, Хорватия, Маньчжоу-Гонун марионет өкмөттөрү кошулган. 2-дүйнөлүк согушта (1939–45) фашисттик блоктун жеңилиши Б. п-нын жоюлушуна алып келди.