БЕРНАДОТТОР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:30, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата vol2_146_225_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕРНАДОТТОР – швед королдук династиясы (1818-жылдан). Династиянын негиздөөчүсү На­полеон Бонапарттын маршалы – Жан Батист Бернадот. 1810-ж. мамл. төңкөрүштөн кийин ал Наполеон тарабынан кызматтан кетирилип, Швецияга тактынын мураскору катары ча­кырылган. 1813-ж. Бернадот Францияга кар­шы согушта швед аскерлерин жетектеген. 1818-жылдан Бернадот Карл XIV Юхан деген ат м-н королдук такка отурган. 1814-ж. Норве­гия швед королдугуна бириктирилгенден ки­йин, 1818–1905-ж. аралыгында Б. Швеция м-н Норвегиянын королу (1905-ж. Норвегия Шве­циядан бөлүнүп, көзкаранды эмес мамлекет деп жарыяланган) болуп келген. Учурда Швециянын королу – Карл ХVI Густав (1973- жылдан).