БЕТАИНДЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:30, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата vol2_146_225_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕТАИНДЕР – амин к-таларынын азот атому м-н үч алкилтобу бар комплекстүү туздары. Молекуласында оң заряддуу азот атому ж-а терс заряддуу карбоксил тобу болгондуктан, эки уюлдуу же биполярдуу ион тибинде болот: CH 3 CH ‒‒ N ‒‒ CH ‒‒ C OO

CH 3 R . Cууда жакшы, эфирде начар эрийт; эрүү t өтө жогору. Б. амин к-таларга алкилгалогениддерди ж-а алкилсуль­фаттарды таасир кылуудан алынат. Өсүмдүк, жаныбар организмдеринде гликокол бетаин –

(СН3)3NЕ CH2COO кеңири таралган. Ал түссүз

кристалл, б. эрүү t 293°С, кант өндүрүүдө анын калдыктарынан алынат. Хлордуу бетаин (аци­дол) медицинада туз к-тасынын ордуна колдону­лат. О. эле полимерлешүү реакциясында эмуль­гатор, диспергатор, ал эми кагаз, тери, текстиль ж-а металлды кайра иштетүүчү өнөржайда ным­даткыч катары колдонулат. Респ-да кант з-ду­нун калдыктарынан алынган Б-ден мал ж-а канаттуунун азыктуулугун жогорулатуучу дары чыгарылат.