БЕТЕГЕ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:30, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата vol2_146_225_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕТЕГЕ (Festuca L.) – дан өсүмдүктөр тукумун­дагы көп жылдык чөп. Түбү катуу болуп түптөн­гөн, көптөгөн, майда ичке сабактуу, сабагынын бийикт. 10–120 см, жалбырагы ичке, гүлү шы­пыргы топгүлгө чогулган. Анын 500дөй түрү белгилүү, Кырг-нда 13 түрү бар. Шалбаа, кызыл ж-а жипчелүү Б-нин чарбалык мааниси чоң. Тоодо, талаада, негизинен мелүүн ж-а суук ал- + кактарда кеңири таралган. Малдын тебелеп от­тоосуна туруштук бергендиктен, жайытта баш­ка өсүмдүктөрдөн басымдуулук кылат. Б-нин өзгөчө касиети – жазында кар кетери м-н тез өсөт, башка чөптөргө салыштырганда 5–10 күн мурун мал оттоого жарайт. Ал эми күз айында кайрадан алысындап өсүп, мал оттоого өбөлгө түзөт. Б-лүү жайытка малды эрте жазда жайса, малдын кайсы түрү болбосун жакшы жейт.