БЕТЕХТИН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:30, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата vol2_146_225_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕТЕ́ХТИН Анатолий Георгиевич (24. 2 (8. 3). 1897, Вологда губ., Стригино кыш. – 20. 4. 1962, Москва) – геолог, минералог, СССР ИАнын ака­демиги (1953; корр. мүчөсү, 1946). Ленинград тоо­кен ин-тун бүткөн (1924). Ошол ин-тта доцент (1929), проф. (1937), СССР ИАнын Геол. илим (1937) ж-а Кенташ (руда) кендеринин геология­сы, петрография, минералогия ж-а геохимия (1956) ин-ттарында иштеген. Негизги эмгектери кен пайда болуу процесстери м-н минераграфия­га (кенташтарды микроскоп м-н изилдөө) ар­налган. Б. кенташтардын ж-а минералдардын парагенезин изилдөөнү физ.-химия м-н кристалл химиясы закондорунун негизинде жүргүзүү ба­гытын өнүктүргөн. Марганец кенташтарынын пайда болуу теориясын иштеп чыккан. Гидро­термдик эритиндилер, алардын жаралышы ж-а кенташ пайда кылуу процесстерин кеңири изилдеген. 1928-ж. Кырг-ндагы айрым полиме­талл кендерин (Кан, Талдыбулак) изилдеген. Анын ысымы м-н минерал (бетехтинит) атал­ган. Б. – СССР мамл. сыйл. (1947), Лениндик сыйл. (1958) лауреаты. Ленин ордени, 2 Эмгек Кызыл Туу ордени ж-а медалдар м-н сыйланган. <ParaBr>Эмг.: Некоторые данные по серебросвинцовому месторождению Талдыбулак в Семиречье // «Изв. ГГРУ», в. 28, 1931. Промышленные марганцевые руды СССР. М.; Л., 1946; Минералогия. М., 1950; <ParaBr>Ад.: Шадлун Т. Н. Памяти акад. А. Г. Бетехтина // «Геология рудных месторождений», 1963, ¹ 3; А. Г. Бетехтин. М., 1959 (Материалы к биобиблио­графии учёных СССР, в. 14).