БЕХЗАД

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:30, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата vol2_146_225_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕХЗАД Кемаль-ад-Дин (1450-ж. чен, Герат – 1535–34 же 1535–36, Тебриз) – иран живописчи­си, миниатюрачы, Герат миниатюра мектеби­нин көрүнүктүү өкүлү. Бул мектеп Иран, Индия ж-а О. Азияда миниатюранын өсүшүнө зор таа­сир тийгизген. Б. аксарай сүрөтчүсү ж-а Герат башкаруучуларынын колжазма (китабхана) че-

Бехзад К. Шейбан хандын портрети.

берлеринин башчысы болгон. 1522-ж. Тебризде Исмаил шахтын буйругу м-н падыша сарайын­да китабхананы жетектеген. Көркөм, кылдат ж-а кооз палитранын, виртуоздуу пасторалдык ж-а баталдык көрүнүштөрдүн чебери болгон. Гератта калыптанган иконографиялык схема­ларды сактап, көп фигуралуу композициялар­ды, таасирдүү көркөм сүрөттөрдү тарткан. Саа­динин «Бустанына» миниатюралары (1488, Еги­петтеги улуттук китепкана, Каир), Низаминин

«Хамсесине» эки көчүрмө (1490, Лондон, Бри­тан музейи), «Султан-Хусейн Байкара» (1480- жылдар, өздүк жыйнак, Швеция) ж. б. чыгар­малары Чыгыш миниатюрасынын шедеври бо­луп саналат.