БЕШИККЕ БӨЛӨӨ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:30, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата vol2_146_225_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕШИККЕ БӨЛӨӨ – наристени бешикке салуу жөрөлгөсү. Бешик тойдон кийин Б. б. салты жасалат. Адегенде бешикти арча м-н аластап


алат. Ырымдап баланын бешигине көзмончок, тумар тагып, карышкырдын чүкөсүн илишет. Наристени алгач бешикке салууда – бул жооп­туу ыйык жөрөлгөнү анын таенеси же киндик энеси аткарат. Ал баланы бешикке бөлөгөндө оң жагынан (Умай эне колдо деп, эмдеп-дом­дойт) салып, бөлөгөндү жаш энеге үйрөтөт. Эне­си бешиктеги баланы көтөрүп, отургандарга жүгүнөт. Алар балага: «Бешигиң кептүү болсун, ата-энең эптүү болсун. Өмүрүң узун болсун, өрүшүң жайык болсун» деген сыяктуу баталар­ды беришет. Бешикке бөлөнгөн бала негизинен тынч уктайт, колу-буту бекем оролуп, жылуу болот. Баланын буттарын бөлөгөн сайын өйдө­төмөн сылап, түзөп, анан таңат. Бешикке бөлөн­гөн баланын сийдиги жайылбайт, алды кургак болуп, уйкусу бузулбайт. Бешиктин үстүнө же­ңил, жылуу жабуу жабылат.